11.02.2025  09:00    Кароолор (120)
Шайыбек ата айыл аймагында тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу


Саламатсыздарбы урматтуу Шайыбек ата айыл аймагына караштуу Кара-Ой, Бает, Сары-Ой, Чоң-Сары-Ой, Өрнөк жана Чок-Тал айылдарынын тургундары! 

      Шайыбек ата айыл ѳкмѳтүнүн алдында түзүлгѳн «Тазалык» мекемеси санитардык тазалоо боюнча, тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу иш аракетин график аркылуу жүргүзөт. Жергиликтүү калкка кызмат кѳрсѳтүү максатында таштанды чыгарууга алынуучу тѳлѳмдүн тарифи ар бир түтүнгѳ айына 85 (сексен беш) сом ѳлчѳмүндѳ Шайыбек ата айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 27.01.2025-жылдагы IV сессиясынын №56 Токтому менен бекитилген.

       Сиздердин ыңгайлуулуктарыңыз үчүн үйүңүздөрдөн чыкпастан таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR коду менен акы төлөмдөрүн жүргүзсүңүздөр болот. Каттоо үчүн төлөмдүн чегин 0703949495 вотсап номерине жиберип, байланышуу шарт. Таштандыга болгон төлөм жылына 1020 сом, тактап айтканда айына 85 сом.

      Урматтуу Шайыбек ата айыл аймагынын тургундары жана коноктору! Сиздерди тазалыкты сактоону жана таштандыга болгон  тѳлѳмдѳрдү ѳз убагы менен тѳлѳп туруңуздарды эскертебиз! Байланыш номерлери 03943-56-3-85, 0703949495.