16.05.2025  10:00    Кароолор (66)
Кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук, кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына ачык сынак тууралуу

Шайыбек ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук, кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына  ачык сынак жарыялайт:

 

Айыл өкмөтүнүн  башкы кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

•    тийиштүү багыттагы жогорку билим (эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, айыл чарбасы, экономика жана башкаруу, гуманитардык);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

•    жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: 

 

Жалпы мыйзам актылары:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;

3.  Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;

4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;

6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;

7.   Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;

8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;

9.  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: 

  • «Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Айыл өкмөтүнүн улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 

1)кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку билим (Эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, экономика жана башкаруу, гуманитардык)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзам актылары:

1.    Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

3.  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;

4.  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;

5.   Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;

6.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Айыл өкмөтүнүн кенже кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, айыл чарбасы жана статистикалык багыттар боюнча); 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзам актылары:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2.  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундо” Мыйзамын;

       Ал эми  айыл өкмөттүн ар бир административдик муниципалдык кызмат орундары боюнча тийиштүү тармактагы  мыйзамдарды билүүсү зарыл.

 

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын  26-майына  чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:   Ысык-Көл району, Чон-Сары-Ой айылы, Ж.Абдрахманов көчөсү №28

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Атк.:  А.Керимбаева  (тел:0705 157-861, раб: 039-43-56-3-85)