27.02.2026  13:00    Кароолор (16)
Коррупцияга каршы жаңы мыйзам күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 мыйзамы күчүнө күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2026-жылдын 15-январында кабыл алынган.

 Мыйзамдын максаты коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды өркүндөтүү, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин өлчөө, санариптештирүү процесстерин толук кандуу өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга жана коррупцияга чыдамсыздык маанайын түзүүгө багытталган билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди уюштуруу маселелериндеги кемчиликтерди жоюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.