23.07.2024  12:00    Кароолор (661)
Куткаруучуларды Шайыбек ата айыл өкмөтүнун "Ыраазычылык каты" жана акчалай сыйлык менен сыйлоо жөнүндө

   Жайкы туристтик мезгилинде ар кандай коопсуздуктардын алдын алуу менен ѳз милдетин так аткарып, адам ѳмүрүн сактап калууда кѳрсѳткѳн кызматы үчүн Ысык-Кѳл РИИБнин тергѳѳ кызматынын тергѳѳчүсү милициянын лейтенанты Үсѳнкулов Адилет Үсөнкулович, Ысык-Кѳл РИИБнин Чоң-Сары-Ой АМБнүн милициянын аймактык ыйгарым ѳкүлү милициянын кенже лейтенанты Асанов Азамат Бактыбекович, Чон-Сары-Ой АМБунун башчысы милициянын майору Мусаев Эрмек Эмильевич жана жайкы туристтик мезгилинде адам ѳмүрүн сактап калуудагы эрдиги үчүн Шайыбек ата айыл аймагына караштуу Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну Асанкулов Алишер Эмилбекович Шайыбек ата айыл өкмөтүнүн “Ыраазычылык каты” жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.