Шри-Ланка мамлекетинин Коломбо шаарында өткөн бокс боюнча Азия чемпионатында 86 кг салмакта 2-орун алгандыгы үчүн Шайыбек ата айыл аймагына караштуу Сары-Ой айылынын тургуну 2006-жылы туулган Чойбеков Азим Максатовичти эли майрамдык маанайда тозуп алды. Иш-чарада жаш муундарга келечекке жол ачып, тарбия берген Абдыкеримов Азамат мырзага, жаш спортчу Чойбеков Азим Максатовичтин атасы Шабырбеков Максат Чойбековичке, энеси Аскарова Нургул Майрамбековнага Шайыбек ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахманов, Шайыбек ата айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин төрагасы Т.Туйгунов жана Шайыбек ата айыл аймагынын жалпы айыл тургундарынын атынан терең ыраазычылык билдиришти.
Урматтуу Азамат мырза, Сиздин спорттук жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз!
Сизге жана сиз тарбиялаган жаш муундарга чын ден соолук, ийгилик каалайбыз.
Урматтуу Азим!!!
Тоо да жашап сырын тарткан жылдыздын,
Сен уулусун таза кандуу Кыргыздын.
Жигит болуп төрөлгөн соң аймакта,
Асабасын бийик көтөр Кыргыздын!