26.08.2024 10:53 Кароолор (167)
Шайыбек ата айыл аймагынын спортчулары айыл өкмөтүнүн акчалай сыйлыктары менен сыйланышты
Шайыбек ата айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылынын тургуну “Кыргыз күрөш” боюнча Дүйнөлүк чемпионатында 84 кг салмакта 1-орун алгандыгы үчүн Мусабек уулу Азизхан жана Өрнөк айылынын тургуну “Самбо күрөшү” боюнча Азия чемпионатында 71 кг салмакта 3-орун алгандыгы үчүн Куйконов Олжобай Алтынбекович Шайыбек ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 100 000 сом акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Келечекте спортчуларыбызга ийгилик каалайбыз.