01.09.2025  09:00    Кароолор (39)
Урматтуу тургундар, тынчтыкты сактайлы!

Урматтуу Шайыбек ата айыл аймагынын тургундары, ишкерлер! 

 

Шайыбек ата айыл аймагынын айыл өкмөтү аймакта калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык” жөнүндө мыйзамын сактоо максатында төмөнкүлөрдү эскертет.

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык” жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:

- жумуш күндөрү - саат 22:00 дөн 07:00 гө чейин;

- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00 дөн 09:00 гө чейин убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт.

Жогорудагылардын негизинде, аталган мыйзамдын талаптары аткарылбаса Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылаары эскертилет. Жеке жактарга 10000 сом, юридикалык жактарга 28000 өлчөмүндө айып пул салынат.