Акыркы күн 26.05.2025
Квалификациялык талаптар zharyya-yurist-uluk-kyzmat-2_48402.docx
Шайыбек ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук, кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт:
Айыл өкмөтүнүн башкы кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
• тийиштүү багыттагы жогорку билим (эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, айыл чарбасы, экономика жана башкаруу, гуманитардык);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
• жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
- «Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Айыл өкмөтүнүн улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1)кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (Эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, экономика жана башкаруу, гуманитардык)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Айыл өкмөтүнүн кенже кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, айыл чарбасы жана статистикалык багыттар боюнча);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундо” Мыйзамын;
Ал эми айыл өкмөттүн ар бир административдик муниципалдык кызмат орундары боюнча тийиштүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү зарыл.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын 26-майына чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ысык-Көл району, Чон-Сары-Ой айылы, Ж.Абдрахманов көчөсү №28
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.
Атк.: А.Керимбаева (тел:0705 157-861, раб: 039-43-56-3-85)